Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 130
Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусун канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу канааттандырылып, жайыт жеринен мотоцикл тебүү үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адистерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |