Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 131
“Бетон Гранд” ЖЧКсынын жетекчиси Мадумаров Шерзод Абдурашидовичтин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык жана жарандардын кайрылууларын кароо тартибин сактоо максатында, “Бетон Гранд” ЖЧКсынын жетекчиси Мадумаров Шерзод Абдурашидовичтин кайрылуусун кароонун жыйынтыгында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Кайыр сайынын түштүк тарабында жайгашкан 9,75 га кургак сайдан келишимдин негизинде кум-шагыл алууга жана көп жылдан бери пайдаланып келген 3,90 га жер тилкесинин мөөнөтүн узартууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесине жана пайдалануу укугуна байланыштуу тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо милдети жер адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |