Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 132
Айрыбаз айылынын тургуну Мойдинов Адхамжан Абдуллаевичтин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине таянып, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Мойдинов Адхамжан Абдуллаевичтин кайрылуусун канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Мойдинов Адхамжан Абдуллаевичтин көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан 0,05 га муниципалдык жер тилкесинин пайдалануу мөөнөтүн 5-жылгаузартууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесине байланыштуу тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо милдети жер адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |