Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 133
Майдан айылынын тургуну Абдыкалыков Сапарали Сиражидиновичтин жана Аустан, Кереге-Таш, Кароол айылдарынын тургундарынын кайрылуулары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык жана жарандардын кайрылууларын кароо тартибин сактоо максатында, Майдан айылынын тургуну Абдыкалыков Сапарали Сиражидиновичтин, ошондой эле Аустан, Кереге-Таш, Кароол айылдарынын тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айылынын тургунуАбдыкалыков Сапарали Сиражидиновичке “М. Таиров” атындагы орто мектебинин чегинен келишимдин негизинде жеңил типтеги керектөөчү буюумдарды камсыздоочу дүкөн курууга макулдук берилсин.
2. Дүкөн курулушуна М. Таиров атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Жер тилкесине байланыштуу тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо милдетижер адистерине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышынМайдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |