Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 135
Так-Тек айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, социалдык маселелерди кароо боюнча комиссиянын оң корутундусуна негизденип, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Так-Тек участкасындагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көчөгө «Олуя-Ата көчөсү» деп ысым ыйгарылсын.
2. Ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |