Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 137
Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Тешебаев Асатилланын кайрылуусу жөнүндө
Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Тешебаев Асатилланын кайрылуусун канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Тешебаев Асатилланын кайрылуусуна ылайык, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылындагы Айрыбаз маданият үйүнүн биринчи кабатындагы чоң залды «Тешебаев Асатилла атындагы элдик музей» катары уюштурууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |