Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 139
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешине Көк-Талаа айылынын тургуну Абылкасымов Гияз тарабынан жер маселеси боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Абылкасымов Гияздын жер маселеси боюнча жеринде тактоо жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |