Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 140
“Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун атайын таштанды ташуучу техника алуу боюнча кайрылуусун карап чыгып, канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу үчүн Майдан айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Өздук салым катары каражаттын бөлүнүшүн камсыз кылуу жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |