Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 146
Арпа-Сай айылынын тургуну Сатыбалдиева Санталат Исмоиловнанын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну Сатыбалдиева Санталат Исмоиловнанын кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Сай айылынын тургуну Сатыбалдиева Санталат Исмоиловна мурдатан пайдаланып келген 1000 чарчы метр жер тилкесине турак жай куруу үчүн 2011-жылдын 2-декабрында Марказ айыл өкмөтү тарабынан чыгарылган №86 токтомду документтештирүү учурунда архивден чыкпагандыгына байланыштуу, ошол токтомдун мыйзамдуу күчүн калыбына келтирүү максатында айыл өкмөт тарабынан мыйзам чегинде кайра башынан токтом чыгарылып, тиешелүү жер участогун мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, мыйзам чегинде каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |