Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 148
“Көк-Талаа” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Кааровдун билдирүүсү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу “Көк-Талаа” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Кааровдун билдирүүсүн карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Талаа” муниципалдык ишканасына караштуу Айрыбаз суу сактоочу кампасынын (резервуар) жана Көк-Талаа суу сактоочу кампасынын (резервуар) Кожо-Кайыр башкы булагынын жер тилкелери муниципалдык баланска алынсын жана алардын айланасы тосулсун.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, белгиленген тартипте каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөл жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |