Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 149
Арпа-Сай айылынын тургуну Карабашов Бахтиярдын арызы жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну Карабашов Бахтиярдын арызын карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну Карабашов Бахтиярдын жеке менчик турак жайы үчүн берилген 1456,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 100 чарчы метр жер тилкесине элге таза суу чыгарып берүү максатында ажыратылып берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, белгиленген тартипте каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөл жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |