Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 152
“Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун кайрылуусун канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына атайын таштанды ташуучу техника алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2. Өздук салым катары каражаттын бөлүнүшүн камсыз кылуу жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |