Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 153
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын жогорку жагына баштапкы суу резервуарны (БСР) куруу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын жогорку жагына баштапкы суу резервуарны куруу боюнча Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, III-Жергиликтүү элдик курултайнын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» Мыйзамына жана «Жер участогунун багытын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого» ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын жогорку жагындагы 12,0 гектар жайыт жер аянтын баштапкы суу сактагыч резервуарын куруу үчүн ошол жер аянтын багытын өзгөртүп, трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү жерге жайгаштыруу иш кагаздарын даярдоо Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлдөсүн.
Төрага | А.Юлдашов |