Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 156
Кара-Жыгач айылынын тургуну Нишанбаева Канайым Максуталиевнанын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Нишанбаева Канайым Максуталиевнанынкайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Нишанбаев Максуталига турак жай куруу үчүн берилген жеке менчик жер тилкесинин ичинен кызы Нишанбаева Канайым Максуталиевнага 0,10 га жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |