Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын
2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/2
«Кербен шаарынын Өлөң-Булак айылындагы Абдрахманов атындагы №55 “Өлөң-Булак” билим берүү мектебинин эски имараттарын бузуу жѳнүндѳ»
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 01-20/842 менен кайрылган катын жана Кербен шаардык кеңешинин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясы жана өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселери боюнча туруктуу комиссияларынын биргеликте
2025-жылдын 10-апрелинде кабыл алган токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын Өлөң-Булак айылындагы Абдрахманов атындагы №55 “Өлөң-Булак” билим берүү мектебинин эски имараттарын бузууга макулдук
берилсин.
2.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин өңөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Отомбаевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеңешинин төраганын орун басары: | Г.Койчубекова |