Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2024-жыл 07-июну №12

 

“Чаткал чек ара заставасына компьютерлерден жана контейнерлерден берүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 14.05.2024-жылдагы №01-19/173 чыгыш сандуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги №01-23/1674 катынын негизинде жазган кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын УКМКнын ЧКнын 2030 аскер бөлүгүнүн “Чаткал” чек ара заставасына Чаткал айыл өкмөтүнүн бошогон компьютерлеринен жана Жаңы-Базар айылына келген контейнерлерден мыйзамдуулугун кароо менен бөлүп берүү Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин милдеттендирилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев