Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2024-жыл 07-июну №13

 

Дуулатов Болотго эмгек акы берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 07.06.2024-жылдагы №01-19/392 чыгыш сандуу Чаткал жайыт комитетинин төрагасынын 2024-жылдын март, апрель, май айларында иштегендиги үчүн эмгек акы төлөп берүү боюнча жазган кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каныш-Кыя жана Чаткал айыл өкмөттөрүнүн аймактык биригүүсүнүн негизинде, Чаткал жайыт комитетинин төрагасынын 2024-жылдын март, апрель, май айларында иштегендиктен, жумуш күндөрүнө эмгек акысы мыйзамдуулук жагын кароо менен Каныш-Кыя жайыт комитетинин бюджетинен төлөнүп берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев