Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №5
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
10-декабрындагы №1087-т тескемесине ылайык, Манас шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 27900,0 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди чыгымдоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Респбуликасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №1087-т сандуу тескемесине ылайык, 24.12.2025-жылдагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга республикалык бюджеттен Манас шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 27 900 000 (жыйырма жети миллион тогуз жүз миң) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын 2025-жылга карата чыгашаларына каржылоого макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын жергиликтүү бюджетине келип түшкөн максаттуу трансферттерди Манас шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү тактоо Манас шаарынын финансы башкармалыгынын начальнигине (Т.Аким уулу) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |