Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 токтомуна)
Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маркумду узатуу маселелери боюнча адистештирилген кызматтары, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди түзүү үчүн бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат.
Жөнгө салуунун укуктук аныктыгын жана системалуулугун камсыз кылуу максатында бул Тартип сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө тарифтерди белгилөө жол-жобосун координациялайт:
- сөөктү жайга коюуга керектүү документтерди тариздөө;
- сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон гробду, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
- сөөктү кепиндөө;
- маркумду көрүстөнгө (крематорийге) жеткирүү, расымдык транспортту берүү;
- сөөктү жайга коюу (мүрзөнү казуу жана көмүү), кийин колумбарийге же аза дубалына көмүү үчүн күл салынган урнаны берүү менен кремация.
Ушул Тартиптин колдонулушу сөөктү жайга коюу иши маселелери боюнча адистештирилген кызматтарга жана сөөктү жайга коюу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
2-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди макулдашуу үчүн сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтар, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй материалдар берилет:
- коштомо кат (эркин формада);
- тарифтердин прейскурантынын долбоору эки нускада;
- ишканалардын (уюмдардын) негизги техникалык- экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
- баланстык отчет;
- суммалык жана сандык туюнтууда колдонуудагы тарифтерди колдонууну талдоо;
- чыгымдар калькуляциясы;
- калькуляциянын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы (иш жүзүндөгү нарк, өткөн мезгилдеги нарк, колдонуудагы ченемдер боюнча нарк);
- баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептерин негиздөө;
- пайданын (рентабелдүүлүктүн) кабыл алынган көлөмүн негиздөө;
- түшүндүрмө кат (анын ичинде жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсү).
Алынган материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аткаруучусу тарабынан алгач берилишинин толуктугу жана таризделишинин тууралыгы текшерилет.
Эсептик материалдар бир нускада, баалардын (тарифтердин) прейскурантынын долбоору эки нускада берилет. Электрондук түрдө берилүүчү бардык документтер жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлган түп нускалардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү болушу жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген документтер каралбастан кайтарылып берилет.
Аталган материалдар электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү "Infodocs" системасы же расмий электрондук почта аркылуу берилет (кол тамгалары жана мөөрлөрү бар сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөр).
3. Берилген материалдардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөткөн ишкананын (уюмдун) жетекчиси жоопкерчилик тартат.
4. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар болбогон учурда берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан каралбайт.
Документтерди жеткире иштеп чыгууга берүүдөн баш тартуу же кайтаруу сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга) алар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет жана жетишпеген же жеткире иштеп чыгууну талап кылган документтердин жана маалыматтардын тизмегин камтууга тийиш.
Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына жараша кошумча маалыматтар жана башка документтер, анын ичинде баалардын (тарифтердин) деңгээлин жана рентабелдүүлүктү тактоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон финансылык документтер талап кылынышы мүмкүн. Кошумча маалыматтарды жана башка документтерди берүү мөөнөтү катты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
5. Берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык эсептик материалдар келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
6. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканалар (уюмдар) тарифтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына тарифтерди берүүгө милдеттүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы макулдашылган тарифтерди алган күндөн тартып эки жуманын ичинде тарифтерди бекитүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат же болбосо аларды бекитүүдөн жүйөлүү, экономикалык жактан негизделген баш тартууну сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга), ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жеңилдетилген тариф менен эсептешүү тарифинин ортосундагы айырманын ордун жергиликтүү бюджеттин эсебинен толтурган шартта жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн жеңилдетилген тарифтерди белгилөөгө укуктуу.
Расымдык (сөөктү жайга коюуга) жөлөкпулдар мамлекеттик жөлөкпулдар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Тарифтер сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтын, тиешелүү муниципалдык ишкананын (уюмдун) сунушу боюнча чыгымдар өзгөргөндө жана алардын негиздүүлүгү ушул Жободо белгиленген тартипте кайра каралганга чейин колдонулат.
8. Тарифтерди бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык сөөктү жайга коюу боюнча акысыз же жарым- жартылай субсидияланган кызматтарды алууга социалдык жактан аялуу жана жеңилдетилген категориядагы жарандардын укуктарын камсыз кылуу зарылдыгын эске алууга милдеттүү.
9. Тарифтерди бекитүүдөн жүйөлөштүрүлгөн баш тартуу алынган учурда сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү жүйөлөрүн карап чыгат жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык тарифтерди макулдашууну жана бекитүүнү кайрадан демилгелейт.