Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 40
Сокулук айыл аймагынын Конуш айылынын Жаңы Конуш турак жайынын ортоңкү көчөсүнө жана Сокулук – Төш-Булак автожолунун Конуш айылынын тилкесине көчөлөрдүн атын ыйгаруу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн Жер маселелер боюнча жетектөөчү адиси Т.Есеналивдин баяндоосун угуп, жана талкуулап ошондой эле 2025-жылдын 26-сентябрындагы Сокулук айыл аймагынын Конуш айылынын Жаңы Конуш турак жайынын тургундарынын чогулушунун протоколунун негизинде, 25-сентябрынын 1997-жылдын № 67 “Кыргыз Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-бернесине ылайык Кыргыз Республикасынын Кыргыз Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” №18 беренесинин алкагында Сокулук айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл аймагынын Жаңы Конуш айылындагы көчөлөрүнүн бирине Осмонкулов Шаршендин экинчи көчөгө Кулбашев Курмандын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Эдигеевге жүктөлсүн.
3. Ушул Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл кеңешинин жер комиссиясынын төрагасы А. Бедельбаев көзөмөлгө алсын.
Төрага | Н. Жумалиев |