Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 42
Бюджет боюнча планды тактоо жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. К. Эдигеевдин 2025-жылдын 9-айлык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча пландын такталышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2025-жылдын 3- кварталындагы 26935,5 миң сом суммасында пландан тышкаркы түшүүлөргө байланыштуу Сокулук айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Бюджеттин киреше бөлүгүн 26 935,5 миң сомго көбөйтүүсү бюджеттин чыгаша бөлүгү 26 935,5 миң сомго төмөнкү бөлүмдөр боюнча көбөйтүлсүн:
70629 бөлүмү Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр-26366,4 миң сом
2215 берене башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр –1833,4 миң сом;
3111 берене курулмаларды капиталдык оңдоо – 24 533,0 миң сом
70911 бөлүмү Мектепке чейинки билим берүү -180,0 миң сом
2215 берене башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр -180,0 миң сом
70825 бөлүмү Маданият боюнча башка иш чаралар-389,1 миң сом
2111 берене эмгек акы - 331,8 миң сом
2121 берене соц фондго төгүмдөр -57,3 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жумалиев |