Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабрындагы № 50
“МФК Сокулук” футбол клубун ачуу жөнүндө
Сокулук айылдык кеңеш 2025-жылдын 26-сентябрындагы Сокулук айылынын футболчуларынын жана жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Сокулук айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштарды спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө максатында Сокулук айыл аймагындагы “МФК Сокулук” футбол клубу түзүлсүн;
2. “МФК Сокулук” футбол клубу Сокулук айыл өкмөтү тарабынан каржылансын ;
3. Бул токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөт башчысы Р.Иштыбаевга жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |