Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабрындагы № 49
“Көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-авгусундагы №502 токтомун карап чыгып, талкуулап Сокулук айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо анын ичинде шарттары, мөөнөттөрү, наркы мыйзамга ылайык бекитилсин;
2. Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча ЭК-административдик - аймактык бөлүнүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч боюнча БН=ЭК+К; БН-брондоо наркы -500 сом; 10-жылга -50000 сом.
3. Көмүү жайларын брондоо мөөнөтү 10жыл, акы төлөо фактысы квитанция же онлайр чек менен ырасталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнө караштуу “Сокулук” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |