Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабрындагы № 48
Сокулук айыл аймагындагы АЧМФнын жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 2-февралындагы № 04-13/59 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектерине Сокулук айыл өкмөтүнүн ижара мөөнөтү аяктаган 50% айыл чарба жерлерин ижарага берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Есеналиевдин баяндамасын угуп, ижарага берүүнү жалпы Жобонун 10 пунктуна ылайык ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү тууралуу Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара акысынын өлчөмү төмөнкү формуланын негизинде ИА1=БСН х К сугарууга кыйынчылык жараткан жерлерге К=20 коэффицент менен эсептелип №49, № 51, № 53, № 61, № 63, № 478 контурлардагы жерлердин ижара акысы бир гектарына 8000 сом, № 88 контурда сугаттын жоктугуна байланыштуу К=10 коэффицент менен эсептелип ижара акысы 4000сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |