Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 38
Республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
(жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу)
Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. К. Эдигеевдин айыл чарба багытындагы жер салыгынын жана транспорт каражаттарына мүлк салыгы түшпөй калуусуна жана республикалык бюджеттен 2025-жылдын 2-жарым жылдыгында республикалык бюджеттен 7510,4 миң сом суммасында каражаттар түшкөн учурда бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планды тактоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сокулук айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер түрүндө түшкөн учурда 7510,4 миң сом акча каражаттары:
– транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча 5 720, 6 миң сом;
– айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы боюнча 1 789, 8 миң сом төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
2. 70823 бөлүм клуб
3112 берене Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу +75,0 миң сом
70629 бөлүм Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
2212 видеокөзөмөл парк +20,0 мин сом
2215 Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу +5915,4 миң сом
3112 берене видеокамера орнотуу +500,0 миң сом
70911 бөлүм Мектепке чейинки билим берүү
2222 Учурдагы чарбалык материалдарды сатып алуу +600,0 миң сом
70921 бөлүм Орто билим берүү
2222 Учурдагы чарбалык материалдарды сатып алуу +400,0,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К Эдигевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |