Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 37
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сокулук айыл кеңешинин жакынкы сессиясына жаран Качкынчиева Эльвира Чинарбековна баласы Маратов Баэл Эрлановичтин ден соолугуна байланыштуу материалдык жактан жардам сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 19-декабрь 2001-жылындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамынын 16-бернесинин негизинде, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл аймагынын тургуну 07.02.1987 жылы туулган Качкынчиева Эльвира Чинарбековнанын баласы 25.02.2008 жылы туулган Маратов Баэл Эрлановичтин ден-соолугуна байланыштуу жана медициналык маалымкаттарын эске алуу менен (ак кан оорусу) Индия өлкөсүнө барып дарылануусуна 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүң, Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Эдигеевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |