Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №7
“Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык ” муниципалдык мекемесинин тарифтерин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 16.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8054-сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемеси турмуш-тиричилик калдыктарына төлөнүүчү тарифтери №1 жана №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан тартып эсептелсин.
2. Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Б.Эргешов) шаардагы жарандардан жана юридикалык жактардан турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгуу үчүн төлөнүүчү атайын каражаттын жана абоненттердин санын көбөйтүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгуу боюнча тарифтерди жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Б.Эргешов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүүгө киргизүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага: | Болотов Н.Б. |
| Манас шаардык кеңештин кезексиз XXI сессиясынын №7-токтомуна 1-тиркеме |
Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык ” муниципалдык мекемесинин турмуш-тиричилик калдыктарын ташуу кызматынын абоненттик төлөм тарифтери
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф (сом) |
1 | Көп кабаттуу үйлөр | 1 жашоочуга | 40,00 |
2 | Жер үйлөр | 1 жашоочуга | 45,00 |
3 | Мекеме уюмдар | 1 м.куб таштандыга | 650,00 |
4 | Өздөрү ташуучулар | 1 м.куб таштандыга | 500,00 |
5. | Шаар аймагынан сырткары жайгашкан жер үйлөргө |
1 айга (1 түтүн) | 200,00 |
6. | Жайма базар (арабада саткандар) | 1 орундука | 30 сом күнүнө |
Жооптуу катчы | Осмонова Г.О |
| Манас шаардык кеңештин кезексиз XXI сессиясынын №7-токтомуна 2-тиркеме |
Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин турмуш-тиричилик калдыктарын ташууда абоненттердин категориясы боюнча тарифтери
№ п/п
| Абонеттердин категориясы | Өлчөө бирдиги | Таштанды (м3) жылына | Сом/ м.куб жылына | Төлөм (сом) | |
айга | жылга | |||||
Юридикалык жана административдик жактар | ||||||
1 | Мекеме, уюмдар | 1 кызматкерге | 0,650 | 650 | 35,21 | 422,50 |
2 | ЖОЖ, колледждер, лицейлер, окуу борборлору жана жатаканалар | 1 студентке | 0,692 | 650 | 45,00 | 450,00 |
3 | Мектептер | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
4 | Бала бакчалар | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
5 | Театр, стадион жана филармония | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
6 | Ооруканалар | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
7 | Поликлиника | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
8 | Санатория | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
9 | Темир жол, автоунаа жана учак бекеттери | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
Коммерциялык жактар | ||||||
1 | Дарыканалар | 1 м² | 0,470 | 650 | 25,46 | 305,50 |
2 | Мед. Борбор жана стоматолия | 1 орундукка | 0,250 | 650 | 13,54 | 162,50 |
3 | Мейманканалар жана эс алуучу үйлөр | 1 орундукка | 1,524 | 650 | 82,55 | 990,60 |
4 | Базарлар жана курулуш базарлары | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 | 650,00 | 7800,00 |
5 | Кинотеатр жана атракцион оюндары | 1 орундукка | 0,408 | 650 | 22,1 | 265,20 |
6 | Азык тулук дукондору, куроолор жана киоскалар | 1 м² | 0,470 | 650 | 25,46 | 305,50 |
7 | Онор-жай, дур-дуйно дукондор, соода борборлору чон жана кичи маркеттер | 1 м² | 0,574 | 650650 | 31,09 | 373,10 |
8 | Автоунаа токтоочу жайлар жана гараждар | 1 орундукка | 2,000 | 650 |
| 1300,00 |
9 | Кафелер, ресторандар ашканалар жана барлар | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 |
| 7800,00 |
10 | Бильярддык залдар | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 |
| 7800,00 |
11 | Навайкана самсакана (тандырына), шашылыкчылар (мангалына, гриль бышыруучу шайманга) | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 |
| 7800,00 |
12 | Кызмат корсотуу сферасы, турмуш-тиричилик комбинаты, чач тарач каналар, сулуулук салондор мастердик ондоо | 1 кызматкерге | 6,000 | 650 |
| 3900,00 |
13 | Куйуучу май куюуучу, автоунаа жуучу, автоунааларга кызмат корсотуучу жайлар | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 |
| 7800,00 |
14 | Компьютердик оюндар жана оюн автоматтар | 1 орундукка | 2,000 | 650 |
| 1300,00 |
15 | Май жуваз жана ак жуваз | 1 м² | 0,800 | 650 |
| 520,00 |
16 | Мончолор, сауналар жана бассейиндер | 1 м3 (чакыруу менен) | 1,000 | 650 |
| 7800,00 |
17 | Ажатканалар | 1 орундукка | 2,900 | 650 |
| 1885,00 |
18 | Кампа жайлар, кум блок чыгаруу | 1 м² | 0,700 | 650 |
| 455,00 |
19 | Суу, балмуздак, жарма, шоро, кымыз, жана шербет сатуучулар | 1 орундукка | 6,000 | 650 |
| 3900,00 |
Айыл чарба жаныбарлары үчүн | ||||||
1 | Ийри мүйүздүү малдар, жылкылар жана чочколор | Башына | 0,925 | 650 | 50,10 | 601,25 |
2 | Кой-эчкилер | Башына | 0,615 | 650 | 33,31 | 399,75 |
3 | Канаттуулар | Башына | 0,405 | 650 | 21,94 | 263,25 |
Жооптуу катчы | Осмонова Г.О |