Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майы №6-1
Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларынын ата-энелеринин жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 190 бала тарбияланат. 2025-жылдын 14-март күнү бул мекемеде ата-энелердин чогулушу болуп өткөн. Бул чогулушта ата-энелер азыркы күндө азык-туулук продукциялардын наркы жогорулап кеткендигинен, балдарга төлөнүүчү взносторго кошумча акы төлөөнү чечишкен. Балдар бакчасынын администрациясы ата-энелердин чогулушундагы чечимдерди колдоп берүү максатында, айылдык кеңешке кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларынын ата-энелеринин 2025-жылдын 14-мартындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Азыркы күндө азык-туулук продукциялардын наркы жогорулап кеткендигинен, төлөнүүчү 1000 сом взноско кошумча 500 сом төлөнүп, 2025-жылдын 01-апрелинен тартып ар бир тарбиялануучуга бир айына 1500 сом взнос төлөнүшүнө макулдук берилсин.
3.Төлөнгөн взносторду иштетилишин көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |