Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майы №6-2
Гулистан айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерлди үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерин үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоону жолго коюу максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагындагы элдердин пайдалануусунда болгон сугат айдоо жерлерин үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында, керектүү адистерден, айыл башчылардан жана жергиликтүү депутаттардан турган атайын штаб түзүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Сугат суудан эффективдүү пайдалануу максатында, атайын иш-графигин түзүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ноокат суу чарба ишканасы менен активдүү иш алып барууну, элдерден сугат сууга чогула турган акча каражаттарды көзөмөлдөөнү Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы сугат суу ассоциациясынын жетекчиси Х. Жороевге тапшырылсын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |