Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №8
“Манас шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана саркынды сууга
болгон тарифтери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 16.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8043 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кенешинин кезексиз ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан тартып эсептелсин.
2.Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон тарифтин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана “Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемесинин жетекчисине (Тыныбек уулу Зарыл) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага: | Болотов Н.Б. |
| Манас шаардык кеңештин кезексиз XXI сессиясынын №8-токтомуна 1-тиркеме |
Манас шаарынын ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон (канализация) тарифтери
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Тариф (сом) |
1 | Ичүүчү суу Анын ичинен: - Калкка - Мекемелерге
| м3 /сом - -
|
15, 48 42,92
|
2 | Саркынды суулар (канализация) Анын ичинен: - Калкка - Мекемелерге | м3 /сом - -
|
10,32 24,18
|
3 | Мекеме уюмдар | 1 м.куб таштандыга | 650,00 |
4 | Өздөрү ташуучулар | 1 м.куб таштандыга | 500,00 |
5. | Шаар аймагынан сырткары жайгашкан жер үйлөргө |
1 айга (1 түтүн) | 200,00 |
6. | Жайма базар (арабада саткандар) | 1 орундука | 30 сом күнүнө |
Жооптуу катчы | Осмонова Г.О |