Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майы №6-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган “ Буваназар Шаназаров” атындагы борбордук стадионунун укук- белгилөөчү документтерин тактоо жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Буваназар Шаназаров” атындагы борбордук стадион 1987-жылы мурдагы Фрунзе атындагы колхоз тарабынан курулган. 1990-жылдардын башында Кыргызстанда жүргүзүлгөн жер реформасынын алкагында дыйкан чарбалардын балансына өтүп кеткен. Ошол кезде стадионду дыйкан чарбалар кароосуз калтырышкан. Дыйкан чарбалар 26.08.2009-жылда жалпы жыйын өткөрүп, стадионду Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп беришкен. Стадиондун чыгыш жана батыш тарабындагы элдер отура турган жери 2019 жана 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түрткү берүүчү грантын эсебинен каржыланып реконструкция болгон. Азыркы күнгө келип, бул стадион эч кимдин балансында жок болуп, мамлекеттик менчикке өтүп кетет деген маалымат массалык маалымат каражаттарында таралды. Гулистан айылдык кеңеши бул маалыматты тактоо максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн менчигинде болгон “Буваназар Шаназаров” атындагы стадиондун укук-белгилөөчү документтерин тактап, айылдык кеңештин кезектеги сессиясына маалыматты берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн менчигиндеги бардык кыймылсыз мүлктөр боюнча инвентаризация өткөрүп, керектелүүчү мамлекеттик акттарды даярдоо жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А. Таштемировго жүктөлсүн.
3. Гулистан айыл өкмөтүнүн менчигинде болгон бардык кыймылсыз мүлктөрдү каттоо Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У.Мирзакулов |