Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-майы №6-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесин колдоого алып, жергиликтүү бюджеттин 2026-2028-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоору тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, депутаттардын Гулистан айлдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыгылгандыктан, Гулистан айылдык Кеңеши карап чыгып, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-2028- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2 тиркеменин негизинде жактырылсын. (Тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык Кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |