Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-августу №7-1
Гулистан айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чындоо максатында, Гулистан айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому тарабынан “Шевролет-треккер” кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 238 тескемесин аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизинг аркылуу кызматтык “Шевролет-треккер” автоунаасын алууга макулдук берилсин.
2. Кызматтык автоунаа алууга тиешелүү иш-кагаздарын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүүнү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Саттаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Эргешовага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |