Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-августу №7-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планында көрсөтүлгөн, Гулистан айыл аймагы Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо боюнча 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо 2026-жылдын планына киргизилген. Аты аталган көчөнүн асфальттоосу боюнча Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоп, Беш-Коргон айылындагы жогоруда аты аталган көчөнүн мамлекеттик каржылоосуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өздүк салымын кошуу максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын негизинде, 2026-жылда Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо үчүн аты аталган көчөдө ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо долбооруна өздүк салым катары, 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын төлөп берилишине макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У.Мирзакулов |