Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-2
Гулистан айыл өкмөтүндө түзүлгөн жумушчу комиссиянын чечимин бекитип берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 1-ноябрындагы №13/107 сандуу токтомун турмушка ашыруу максатында, Гулистан айыл өкмөтүндө 2025-жылдын №54-б буйругу менен атайын жумушчу комиссия түзүлгөн. Бул комиссия Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилип берилген айыл аймактагы 222 жарандардын турак үйлөрү жана жер аянттары боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп чыгышты. Жумушчу комиссия өзүнүн жыйналышында 222 жарандардын такталып келген тизмесин айылдык кеңеш тарабынан бекитилишин бир добуштан колдоого алышкан. Гулистан айыл өкмөтү жер комиссиясынын жыйналышынын протоколун карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу максатында айылдык кеңешке кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши ушул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын жумушчу комиссиясынын жыйналышынын чечимдери маалымат катары кабыл алынсын.
2. Гулистан айыл аймагындагы турак үйлөрү жана жер аянттары көрсөтүлгөн 222 жарандардын тизмеси бекитилгендиги белгиленсин.
3. Көрсөтүлгөн 222 жарандын турак үйлөрүнө жана жер аянттарына болгон укуктарын мыйзам чегинде каттоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |