Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-3
Гулистан айыл аймагынын башкы планынын иштеп чыгууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтү 2025-жылдын 29-июлундагы чыгыш № 01-19/800 сандуу каты менен Гулистан айылдык кеңешине кайрылган. Айыл өкмөтү бул катында Гулистан айыл өкмөтүнүн Гулистан айылынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн айылдык кеңештен 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин алты айлык жыйынтыгы менен акча каражатын ажыратылышын суранган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселе менен таанышып чыгып, бир айылдын эмес толук Гулистан айыл аймагынын башкы планын иштеп чыгылышын зарылдыгын билдирди. Ушул маселени карап чыгып, талкуулап Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы чыгыш № 01-19/800 сандуу каты менен таанышылгандыгы белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын толук башкы планы 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине артыкча түшүүсү пландаштырылган акча каражаттын эсебинен колдоого алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |