Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-4
Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” айлыныдагы “Үч-бурчек-3” көчөсүнүн тургундарынын көчөнүн аталышын өзгөртүү боюнча өткөргөн жыйналышынын протоколун кароо боюнча
Гулистан айылдык кеңешине Беш-Коргон айылындагы “Үч-бурчек-3” көчөсүнүн тургундары кайрылышты. Алар өз кайрылуусунда өздөрү жашап турган көчөнүн аталышын өзгөртүүнү суранышкан. Көчө тургундары чогулуш өткөрүп, көчөнүн аталышын ушул көчөнүн тургуну, Гулистан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, пенсионер Куранбаев Бакижандын атына берилишин чечишкен. Гулистан айылдык кеңеши “Үч-бүрчек-3” көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун протоколу менен таанышып чыгып, токтом кылат:
1. Беш-Коргон айылындагы “Үч-бурчек-3” көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун протоколу аткарууга алынсын.
2. Беш-Коргон айылындагы “Үч-бурчек-3” көчөсүнө коомдук жана саясий ишмер, көп жылдары түрдүү кызматтарда иштеген, Гулистан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Куранбаев Бакижандын наамы ыйгарылып, мындан ары “Бакижан Куранбаев” атындагы көчө деп аталышына макулдук берилсин.
3. Жаңыдан наам коюлган көчөгө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | У.Мирзакулов |