Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25 августундагы чыгыш № 01-19/958 сандуу катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтү 2025-жылдын 25 августундагы чыгыш № 01-19/958 сандуу катында аймактагы Адыр зонасындагы “Таш-булак” участкасынын “Аулгаз” бөлүмүндөгү кайрактагы муниципалдык жерлердин № 177 жана № 209 контурундагы жерлерден 60 гектар аянтын турак жай куруу үчүн трансформация кылынышын Гулистан айылдык кеңешинен суранган. Азыркы күндө турак жай курууга жер сураган жарандардын саны 1000ден ашкан. Бул маселени карап чыгып жана талкуулап, турак жай куруу үчүн жер участокторун сурап жазган жарандардын арыздарын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13, 32-беренелеринин негизинде, Гулистан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагынын турак жай курууга муктаж атуулдарына аймактын “Таш булак” участкасынын “Аулгаз” бөлүмүндөгү кайрактагы муниципалдык жерлеринин № 177 жана № 209 контурундагы жерлерден 60 (алтымыш) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулушуна макулдук берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Гулистан айыл аймагынын Таш-булак участкасынын “Аулгаз” бөлүмүндөгү кайрактагы муниципалдык жерлеринин № 177 жана № 209 контурундагы жерлерден 60 (алтымыш) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Жердин категориясын өзгөртүү боюнча керектелүүчү бардык иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |