Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-6
Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы кезектеги 4 сессиясынын № IV-5 Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
Гулистан айыл өкмөтүндөгү сугат суу ишканасынын жетекчиси Гулистан айыл аймагында сугат суунун тарифтерин бекитип берүү максатында айылдык кеңешке кайрылган. Айылдык кеңештин депутаттары 2025-жылдын 6-март күнү өзүнүн кезектеги 4-сессиясынын № IV-5 Токтому менен 2025-жылга болгон сугат суунун тарифтерин бекитип берген. Бирок Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 49-буйругунун негизинде сугат сууга болгон кызматтардын прейскуранты өзгөрүп кеткен. Ошондуктан сугат суу ишканасынын жетекчиси сугат сууга болгон тарифтерди кайрадан өзгөртүп берүүнү суранган. Гулистан айылдык кеңеши жогорудагы маселени карап чыгып, талкуулап, токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 6-мартындагы кезектеги 4-сессиясынын № IV-5 Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 49-буйругунун негизинде, 2025-жыл үчүн бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнө (туруктуу суу агымы менен күрүчтөн тышкары) 1 гектар жердин бир сугаты үчүн жеке жактарга 500 (беш жүз) сом болгондугун эсепке алып, бир гектар жерге сугат суунун төлөмү 3000 (үч миң) сом болуп бекитилсин.
3. Элдерди сугат суу менен камсыз кылууну туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |