Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-7
Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы кезектеги 4 сессиясынын № IV-6 Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
Гулистан айыл өкмөтүндөгү ичимдик суу ишканасынын жетекчиси Гулистан айыл аймагында ичүүчү суу тарифтерин бекитип берүү максатында айылдык кеңешке кайрылган. Айылдык кеңештин депутаттары 2025-жылдын 6-март күнү өзүнүн кезектеги 4-сессиясынын № IV-6 Токтому менен 2025-жылга болгон ичүүчү суу тарифтерин бекитип берген. Бирок электр энергиянын баасы ашып кеткендигине байланыштуу бекитилген тариф менен иш жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүгү болбой калды. Ошондуктан ичимдик суу ишканаасынын жетекчиси ичүүчү сууга болгон тарифтерди кайрадан өзгөртүп берүүнү суранган. Гулистан айылдык кеңеши жогорудагы маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 6-мартындагы кезектеги 4-сессиясынын № IV-6 Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Айыл аймагында ичүүчү суу үчүн тариф 2025-жылга суу түтүгү үйүнө орнотулган кожолуктарга айына 250 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануучу кожолуктарга айына 200 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубуна 25 сомдон деп белгиленсин.
3. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Айыл аймагындагы бардык ичүүчү суу түтүктөрүн тейлөөгө алуу.
- Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча 2025-жылдын III-IV кварталдарында маалымат берүү тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |