Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-8
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына мүчөлөрдү көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ”Шайлоо комиссияларыны түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, ”Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык, 25.08.2025-жылда болуп өткөн Гулистан айыл аймагындагы жарандардын чогулушунун № 2 Протоколун карап чыгып, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына 25.08.2025-ж. Гулистан айыл аймагынын жарандардын чогулушунун № 2 Протоколунда көрсөтүлгөн мүчөлөр бекитилсин. (Мүчөлөрдүн курамы тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимовго жүктөлсүн.
Төрага | У.Мирзакулов |