Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-9
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын № 27-19633 чыгыш сандуу катын аткаруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-августундагы чыгыш № 01-25/4439 сандуу катын кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 сандуу “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-августундагы чыгыш № 01-25/4439 сандуу катын карап чыгып, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-августундагы чыгыш № 01-25/4439 сандуу каты каралгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 сандуу “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 сандуу “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, Гулистан айыл аймагындагы жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоо максатында, үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген убактысы жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин болуп белгиленгендигине макулдук берилсин.
4. Гулистан айыл аймагында жайгашкан кафелердин, соода түйүндөрүнүн, чайканалардын ээлерине иштөө тартиби боюнча, жеке турак үйлөрдүн ээлерине үйлөрдөгү той-салтанаттардын өткөрүү боюнча эскертмелерди берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, айыл башчыларга жана социалдык маселелер боюнча адисине тапшырылсын.
5. Жогорудагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, мыйзам бузуучуларга салына турган айып пулдардын өлчөмүн белгилөө Гулистан айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Гулистан айыл аймагында элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча комиссиясына” тапшырылсын.
6. Ушул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |