Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XV сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры №15/1
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында жергиликтүү деңгээлде иштерди уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагынында өткөрүлгөн үйлөнүү үлпөттөрүнүн, аш-тойлордун жана башка массалык иш чаралардын саат 22:00 дөн кечиктирилбей аякташын камсыз кылуу колго алынсын.
2.Ресторандардын, банкеттик залдардын, көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысына 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 "Тынчтык жөнүндө” Мыйзамыны 3-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарына ылайык чектөө киргизилсин.
3.Ыйгарым укуктуу жана лицензияланган концерттик жайлар гана өзгөчө тартип менен иштей ала тургандыгы белгиленсин.
4.Кара-Бүргөнайыл аймагынын жарандарына, укуктарды сыйлоо, демонстративдүү чыгымдардан алыс болуу, тынч жашоону камсыздоо боюнча түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлсүн.
5.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдикукуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Кемелов |