Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №8-10
Гулистан айыл аймагындагы эгин талааларына элдердин мал жандыктары тарабынан зыян келтирбөөнү алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө
Күн тартибиндеги сунуш кылынган маселе боюнча депутат Сакижан Кадиров маалымат берип, азыркы күндө элдер алыстагы жайыттардан кайткан мал жандыктарды эгин талааларына алып чыгып, бош абалда жайып багып жатканын билдирди. Бул өз кезинде дыйкандарга зыян келтирип жатканын айтып, сессияда бул маселе боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү сунуштады. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги бул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Депутат Сакижан Кадировдун сунушу маалымат ордунда кабыл алынсын.
2. Гулистан айылдык аймагындагы эгин талааларды мал жандыктардан сактоо максатында, мал жандыктарды алып чыгып, бош абалда жайып багылышына тыйуу салынсын.
3. Дыйкандарга мал жандыктар себебинен зыян келтирилген учурда, мал ээсине мыйзам чегинде чара көрүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Гулистан айыл аймагынын тургундарына эгин талааларга мал жандыктарды алып чыкпоо жана келтирилген зыяндар үчүн мыйзам чегинде чаралар көрүлүшү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, көчө комитеттерге, мечит имамдарына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У.Мирзакулов |