Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябры №9-1
Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган, 2025-жылдын 22-23 декабрында өтүүчү IV Элдик Курултайга Гулистан айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-октябрындагы жыйынынын №1- протоколуна негиз, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10:00дө өткөрүлсүн.
2. Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 100 болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы бекитилсин.
5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У.Мирзакулов |