Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябры №9-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилгенине байланыштуу, Гулистан айыл аймагы Гулистан айылындагы Абдурасулов көчөсүн асфальттоо боюнча 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында Гулистан айылындагы Абдурасулов көчөсүн асфальтоо 2026-жылдын планына киргизилген. Элдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоп, Республикалык бюджеттен колдонулуучу долбоорго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өздүк салымын кошуу максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын негизинде, 2026-жылда Гулистан айылындагы “Абдурасулов” көчөсүн асфальттоо үчүн аты аталган көчөдө ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Гулистан айылындагы “Абдурасулов” көчөсүн асфальттоо долбооруна өздүк салым катары, 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 (Эки жүз миң) сом акча каражаты 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түшүүсү күтүлүп жаткан, пландан ашыкча акча каражаттардын эсебинен төлөп берилишине макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У.Мирзакулов |