Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVI сессиясы
2025-жылдын 14-октябры №16/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгын аткарууга карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 270 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” №270 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2.Кара-Бүргөн айыл аймагынын калкынын саны 3339 адам болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 30 өкүл деп бекитилсин.
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына өкүлдөр Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылдарындагы калктын санына жараша шайлансын. (№1 тиркеме тиркелет)
4.Кара-Бүргөн айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин деп белгиленсин. (№2 тиркеме тиркелет).
5.Кара-Бүргөн айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин. (№3 тиркеме тиркелет)
6.Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)
7.Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин (№5 тиркеме тиркелет)
8.Бул токтом мыйзам талаптарына ылайык массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Б. Кемелов |
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы
кезектеги №16 сессиясынын №16/1 токтомуна №1 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына делегаттарынын саны жана квотасы
№ | Айылдардын аталышы | Калкынын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | Ак-Чий айылы | 519 | 5 |
2 | Жаңы-Тилек айылы | 488 | 4 |
3 | Кара-Бүргөн айылы | 2332 | 21 |
| БААРЫ | 3339 | 30 |
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы
кезектеги №16 сессиясынын №16/1 токтомуна №2 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагында 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү ГРАФИГИ
№ | Көчөлөрдүн аталышы | Чогулуш өтүүчү жер | убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Ак-Чий айылы | Чиркей Секиев көчөсүндө | 17-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
2 | Ак-Чий айылы | Уста Турдуке көчөсүндө | 18-октябрь 2025-жыл саат 14-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
3 | Жаңы-Тилек айылы | Турусбек Байсалов көчөсүндө | 19-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
4 | Жаңы-Тилек айылы | Карабала Байкашкаев көчөсүндө | 19-октябрь 2025-жыл саат 14-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
5 | Кара-Бүргөн айылы | Жусупбаева Жибек Кыдыршаев Токтогул, Кадыралы атындагы көчөлөрүндө | 20-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
6 | Кара-Бүргөн айылы | Шербалиева Гүлбаары Калчабаев Тутун, Сейитказы атындагы көчөлөрүндө
| 21-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
7 | Кара-Бүргөн айылы | Топчубеков Токтосун К.Байсогур уулу , Акунова Эрмек. атындагы көчөлөрүндө | 22-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
8 | Кара-Бүргөн айылы | Макеш ата көчөсүндө | 23-октябрь 2025-жыл саат 10-00 | Айылдык кеңеш, уюштуруу тобу |
Жооптуу катчы Төрөбек кызы Марипа
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 14-октябрь 2025-жылдагы
кезектеги №16 сессиясынын №16/1
токтомуна №3 тиркеме
Кара-Бүргөн айыл аймагында 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кенештин депутаттарынын тизмеси