Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-3
Элдик Курултайга Кара-Таш айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Кара-Таш айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1чечимине негиз, Кара-Ташайылдык кеңеши токтом кылат;
1. Кара-Таш айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Кара-Таш айылындагы маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Кара-Таш айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышууч улардын нормасы 80 болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнчажергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет)
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ). 5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Кара-Таш айыл аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттары,айыл өкмөтүнүн апарат кызматкерлери бекитилсин.(4-тиркеме тиркелет) 6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. 7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |