Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы№54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 22-августундагы чыгыш сандуу каты аркылуу жолдонгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ыкчам аткаруу үчүн жиберилген № 27-19633 чыгыш сандуу катта көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү кеңештердин тийиштүү чечимдерин кабыл алуу керектиги тууралуу маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында төмөндөгү белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт тургандыгы ар бир жаранга эскертилсин:
Жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин
2.Ар бир айылдарда жайгашкан кафе ресторан, чайканалардын иштөө тартиби боюнча, ошондой эле үйлөрдө өтүүчү той, маарекелердин да чектелүү убактысы тууралуу эскертмелерди берип, №54 Жарлыктын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чараларды иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |