Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-5
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата айылдык кеңештин 2025-жылдын 15-январындагы № 4-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына келип түшүүчү кирешени жана чыгашаны айылдык кеңештин 2025-жылдын 15-январындагы № 4-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоо жана толуктоо жүргүзүү керектиги тууралуу ФЭБнин башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кара-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат;
1.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына келип түшүүчү кирешени жана чыгашаны айылдык кеңештин 2025-жылдын 15-январындагы № 4-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоо жана толуктоолор киргизилип бекитилсин.
2.Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнин башчысына тапшырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин, экономика бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |